тери оорулары


И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы
Кыргыз жана орус тилдер кафедрасы
«Тери оорулары» деген тема боюнча реферат
Аткарган: Алиев И.А., дарылоо факультети, 2-к., 22-т.
Текшерген: улук окутуучу Мурзабаева Ч.А.
План
Киришүү__________________________________3-б.
II. 1. Тери оорулары жөнүндө __________________4-б.
2. Тери оорулары жана анын түрлөрү _________5-б.

III. Корутунду________________________________12-б.
IV. Колдонулган адабияттар___________________13-б.
Киришүү
Ар бир адам өзүнүн жашоосунда жок эле дегенде бир жолу тери оорусу менен ооруйт. Кээ бир адамдар үчүн тери оорулары көнүмүшкө айланып, өтө кооптонууну жаратпаса, ал эми айрымдары бул оору менен өмүр бою күрөшөт. Тилекке каршы күн санап тери ооруларынын түрү жана аны менен ооруган адамдардын саны дагы көбөйүүдө.
Теманы изилдөөдө төмөнкү максаттар коюлган:
Тери оорулары жөнүндө мааалыматтар.
Тери оорулары жана анын түрлөрү.
Рефераттын биринчи бөлүгүндө тери оорулары жөнүндө мааалыматтар тууралуу, ал эми экинчи бөлүгүндө тери оорулары жана анын түрлөрү тууралуу жазылган.
Изилдөөнүн предмети: тери оорулары
Изилдөөнүн обьекти: адам
-3-
Тери оорулары жөнүндө
Адамдын ден соолугу, анын жашоосу үчүн түздөн-түз тиешеси бар. Ден-соолуктун негизги бөлүгүн түзгөн теринин бир топ түрү бар. Жалпысынан тери- бул медицинада улам жаңы изилдөөнү, илимий тактоону талап кылган физиологиялык түзүлүш болуп саналат. Терини жана тери ооруларын иликтеген тармак бул - дермотология деп аталып, тамыры байыркы доорлорго барып такалат. Анткени адамдын териси адам баласы үчүн эбегейсиз чоң мааниге ээ болуп келген. Байыркы Египет фараондору дагы өздөрүнүн "кийинки дүйнөдөгү" жашоосу үчүн биринчи кезекте терисине кам көргөнү маалым. Тери оорулары-деген аталыш медицинада жалпы түшүнүк катары айтылып келет. Чындыгында тери ооруларынын түрү абдан көп. Бул оорудан адамдын бүткүл денесин жаап турган тери жана чач, тырмак, тери бездери жабыркайт. Медицинада шарттуу түрдө тери оорулары эки чоң топко бөлүнөт: биринчиси - инфекциялык, ал эми экинчиси аутоиммундук. Биринчи топтогу тери оорулары аты айтып тургандай айлана-чөйрөдөгү ар кандай таасирлерден улам, адамдын терисин жабыркаса, экинчиси, адамдардын ички иммундук системасына түздөн-түз байланыштуу болуп, тукум куучулук мүнөзгө ээ. Тери оорулары өзүнүн көп түрдүүлүгү менен айырмаланып, ал тышкы (айлана чөйрө, адамдар, жаныбарлар) жана ички факторлордун (ички органдардын оорусу, жугуштуу жана тубаса оорулар) таасири астында пайда болот. Ошондуктан, тери оорулары боюнча адис-дермотолог бир эле убакта хирургияны, иммунологияны, неврологияны, эндокринологияны, венерологияны, генетиканы терең билүүсү абзел.
-4-
Тери оорулары жана анын түрлөрү
Котур оорусу. Котур оорусу тери ооруларынын ичинен эң кеңири тараган оору. Адатта котур оорусу менен ооруган адамдарды коомчулукта тескери көз караштар менен карап, жеке гигиенаны, тазалыкты сактабангандан улам оорушат деп келишет. Бирок, котур менен ооругандардын 90 пайызы тазалыкты, гигиенаны сактап жүрүп эле ооруп калган учурлар кездешет. Анткени котурду козгоочу кене же микроорганизм биз күнүмдүк колдонуучу буюмдардын бардыгында болушу мүмкүн. Адамдардын көзүнө көрүнө бербеген өтө кичине кенелер- эшиктин сабында, сүлгүдө, кийимдерде, оюнчуктарда, мочалкада болушу мүмкүн. Алар акырындык менен териге жабышып, андан соң теринин алдыңкы катмарына өтүп, жумурткаларын таштап, ооруну козгойт. Оору алгач теридеги кичинекей так менен башталып, денеде кыбырап, кычышуулар пайда болуп, адамга жагымсыз абалды алып келет. Котурду дарылоо үчүн биринчи кезекте анын пайда болуу булагын жок кылуу керек. Колдонуп жаткан кийимдерди, буюм-тайымдарды ысык сууга кайнатуу зарыл же болбосо узак убакыт колдонбоо керек. Андан сырткары, атайын дезинфекциялоо иштерин жүргүзүп, денени серной мазь же самын менен тез-тез жууп туруу талапка ылайык.
Сөөл.Тери ооруларынын ичинен адамдар көп байкай бербеген бул денедеги-сөөлдөр. Көпчүлүк адамдар сөөлдөрдү дененин бир мүчөсү катары дагы кабылдап калган учурлар кездешет. Бирок, денеде пайда болгон ашыкча кичине дөбөчөлөр адамдар үчүн дайыма эле жагымдуу таасир бере бербейт. Анткени алаканга, салааларга, бетке же таманга чыккан сөөлдөр бир жагынан дененин сулуулугуна шек келтирсе, экинчиден кийим, бут кийим кийгенде жагымсыз абалды пайда кылат. Сөөлдөрдүн көлөмү жана чоңдугу ар түрдүү болуп, алар денедеги оң сапаттагы шишиктердин катарына кирет. Сөөлдөрдү-адамдын организминдеги папиллома вирусу козгойт. Бул вирус адамдын организминде дайыма болгондуктан, сөөл дагы адамдын бардык жашоосунда кайра-кайра кайталанып чыга бериши мүмкүн. Өзгөчө иммунитет төмөндөгөндө жана өспүрүм куракта сөөл адаттан тыш денеге көп чыгат. Денеге чыккан сөөлдөр оң сапаттагы шишиктердин тобуна кирген менен айрым учурда коркунучтуу шишикке дагы айланып кетиши ыктымал.
-5-
Эгерде сөөл чоңоюп, канап же кычыша баштаса, сөзсүз түрдө дермотологго кайрылыш керек. Бул өзгөчө тамандагы жана жыныс органдарындагы сөөлдөр үчүн өтө кооптуу нерсе.
Сөөлдү жок кылуу же дарылоо боюнча бир канча медоттор бар. Биринчиси, химиялык жол- азот менен жок кылуу, экинчиси-хирургиялык ыкма же операция аркылуу кесип алуу болуп саналат. Ал эми азыркы күндөгү заманбап лазердик жана радиохирургия аркылуу жок кылуу. Мындан сырткары сөөлдөрдү бир канча элдик ырым-жырымдар менен жок кылуу жолу дагы өкүм сүрүп келет. Эч качан адам сөөлдү өз алдынчы кесип салуу же химиялык заттар менен күйгүзүү ыкмасын колдонбошу керек. Анткени ушундай жол менен териге микробдор кирип, зыяндуу шишик пайда болушу мүмкүн.
Учук. Учук же учук-1 тери ооруларынын ичинен толук түрдө айыкпаган түрү болуп саналат. Бул ооруну учук вирусу козгойт. Учук вирусу аба аркылуу, вирусту алып жүрүүчү адам аркылуу жана буюмдар аркылуу жугат. Эң коркунучтуусу - учук вирусу адамдын организмине киргенден кийин, ал денеде толук бойдон сакталып калат да, дайыма ооруну козгой берет. Статистикалык маалыматтарга таянсак, дүйнөдө учук оорусу менен ар бир 9-10-адам ооруйт. Учук вирусу организмге кирип, дененин бир жеринде жараны пайда кылса, ал жара дайыма ошол жерге кийин дагы кайталап чыга берет. Териде учуктун алгачкы белгилери пайда болгондо эле адамдардан алыс болуш керек. Анткени, ал тез эле башка адамдарга жугушу мүмкүн. Учук жарасы негизинен иммунитетке жана витаминдердин жетишсиздигине көз каранды болот. Адам айыккандан кийин дагы иммунитетин түшүрбөөгө аракет кылыш керек. Учуктан толук айыгып кетүү мүмкүн болбосо дагы дайыма мыкты тамак-аш, витамин менен азыктанып, тазалыкка көңүл буруу зарыл.
Грибок.Тери ооруларынын ичинен эң коркунучтуусу грибок оорусу. Бул оорудан көпчүлүк учурда адамдын тырмагы, чачы жана териси жабыркайт. Негизинен коомдук-санитардык жайлардан, педикюр, маникюр жасатканда жана кийим, бут кийимдерден жугат.Грибок жылуу жана нымдуу жерлерде болуп, өтө кыска аралыкта жайылат. Адамдын бутунун манжаларында, чачтын түптөрүндө, колтукта пайда болуп, алардын иштөө функциясын төмөндөтөт.
-6-
Тери кат-кат болуп сыйрылып, былжырап, кычышып жагымсыз жытты пайда кылат. Грибокту жок кылуу үчүн медициналык курстан толук өтүү менен атайын режимдерди сактоо керек. Өз учурунда дарылабаса майыптыкка да алып келиши мүмкүн.
Экзема. Тери ооруларынын аутоиммундук тобуна кирген оорулардын бири -экзема. Анткени, экземанын жугуу же пайда болуу жолу инфекциялык эмес, тукум куучулук, ички органдардын иштөө функциясынын бузулушу, микробдор жана узак убакыт бою өмүргө коркунуч алып келчү, зыяндуу жерлерде иштөө болуп саналат. Бирок, адамдардын эсине сала кетчү нерсе, экзема адамдын психоэмоционалдык абалына түздөн-түз байланыштуу. Экзема менен ооруган кичинекей балдардын 85 пайызы үй-бүлөдө экинчи бала жарык дүйнөгө келгенде ооругандыктан, адистер муну түздөн-түз баланын психикасы менен байланыштырышат жана кичине балдарга өзгөчө көңүл бурууну талап кылат.Териде пайда болгон кызыл түстөгү ыйлаакчалар кычышып, андан соң дененин ар кайсы жеринде пайда боло берет.Экзема кеңири тараган оруу болгону менен, аны дарылоонун жолдору азыркыга чейин толук иштелип чыга элек. Ошентсе дагы, минималдуу деңгээлге төмөндөтүүгө жолдор бар. Врачтардын көрсөтмөсү менен гармоналдык мазьдарды жана дары-дармектерди колдонууга болот. Бирок, аларды жара пайда болгон жерге 1:3 эсебинде крем менен аралыштырып, сыйпоо керек. Андан сырткары, экзема менен ооруган адамдын бөлмөсүн тазалап, нымдап туруу керек. Терге каршы каражаттарды, антиперспиранттарды аз өлчөмдө колдонуу жана дайыма пахтадан тигилген кийимдерди кийүү зарыл.
Аллергия — организмдин айланачөйрөдөгү түрдүү заттарга — аллергендерге өзгөчө сезгичтиги. Аллергия оорулары байыркы замандан белгилүү болгон. Байыркы грек врачы Гиппократ айрым тамак-аш жакпай ич өтүп, бөрү жатыш болорун, байыркы рим врачы Гален роза гүлүнүн жытынан мурундун бүтүшүн белгилеген. Аллергиялык оорулар (бронх астмасы, поллиноз, бөрү жатыш, дерматиттер, дарыдан жана тамак-аштан болгон А.) дүйнөдө кеңири таралган. Буга антибиотиктерди ж. б. дары-дармектерди көп пайдалануу, хим. өнөр жайдын тез өсүп, синтездик материалдардын, боёктордун, кир кетиргичтердин ж. б. турмуш-тиричиликке керек хим. заттардын көбөйүшү себеп болот.
-7-
Жөнөкөй химиялык заттардан тартып, эң татаал (белоктор, полисахариддер) бирикмелерге чейин аллерген болушат. Организмге сырттан таасир эткен (экзогендик) жана организмдин ичинде пайда болгон (эндогендик) аллергендер бар. Экзогендик аллергендер инфекциясыз (чаң, жүн, дары-дармек, өсүмдүк чаңчасы, хим. заттар, тамак-аш) жана инфекциялуу (бактериялар, вирустар, козу карындар) болуп айырмаланат. Экзогендик аллергендер төмөнкү топторго бөлүнөт: 1. Биологиялык аллергендер. Аларга микробдор, вирустар, козу карындар, мителер, кан сары суусу жана вакцина дарылары кирет. Көпчүлүк жугуштуу ооруларды А. коштойт. Микробдор, вирустар, козу карындар пайда кылган, алардын өнүгүшүнө А. чоң роль ойногон мындай оорулар инфекция — аллергиялык оорулар деп аталат. Бул ооруларды демейде кишинин терисинде, дем алуу жолдорунда, оозунда, ичегисинде жайгашкан микробдор, ошондой эле тиштин чириши, мурундун кошумча коңулдарынын сезгениши, холецистит ж. б. сезгенүү процесстери пайда кылат. Организмге кан сары суусун, вакцина куйганда анафилакция сыяктуу А-лык реакция болушу мүмкүн. 2. Дары аллергендер. Көпчүлүк дары-дармектер, мис., кодеин, аспирин, сульфаниламиддер, пенициллин, новокаин ж. б. дарылар А-лык кабылдоолорду пайда кылат. Антибиотиктер, айрыкча пенициллин А-лык кабылдоого арбын чалдыктырат. Башка дарыларга караганда андан өлүмгө учуратуучу А-лык реакция көп болот. Ошондуктан дарыларды врачтын көрсөтмөсү жок кабыл алуу өтө коркунучтуу. 3. Турмуш-тиричилик аллергендери. Буларга чаң, нымдуу үйдөгү козу карындар, курткумурскалардын (кантала, таракан ж. б.) бөлүкчөлөрү, чач, жүн ж. б. кирет. Акыркы мезгилде турмуш-тиричилик химиясына, а. и. кир кетиргич күкүмдөргө А-лык реакция көп учурайт. Бул аллергендер дем алуу жолдорунун аллергиялык оорусун (бронх астмасы, мурун бүтүү) пайда кылат. 4. Өсүмдүктөрдүн айрым түрлөрүнүн (көбүнчө шамал аркылуу чаңдашуусу) чаңчалары организмге киргенде А. оорусун пайда кылат. Мында мурун бүтөт, коньюнктивит болот ж. б. Өсүмдүк чаңчасынан болгон А. поллиноз деп аталат. 5. Тамак-аш аллергендери. Көпчүлүк тамак-аш азыктары, мис., сүт, жумуртка, эт, балык, помидор, цитрустар, шоколад, кулпунай ж. б. А-ны көп пайда кылат. Тамак-аш ичеги-карынга түшкөндөн бир нече минутадан кийин А-лык реакция башталат. Мис., сүткө А. болгондо аны ичкенден бир нече минута өткөндөн кийин кусуп, ичи өтүп, андан соң бөрү жатыш, ысытма болушу мүмкүн.
-8-
Тамак-аштан болгон А. демейде ичегикарыны начар иштеген кишилерде көп жолугат. Балдарга тамакты көп берүү тамак-аш А-сынын өөрчүшүнө түрткү берип, аларда диатез пайда болот. Айрым учурда тамак сиңирүүчү маңызда кээ бир ферменттердин жетишсиздигинен А-га окшоп, тамак сиңирүү бузулушу мүмкүн. 6. Өңөр жай аллергендери. Хим. өнөр жайлардын өсүшүнүн натыйжасында өндүрүштө жана тиричиликте түрдүү заттарды көп пайдалануу ар кандай А-лык реакциялардын өөрчүшүнө алып келүүдө. Алар көбүнчө терини жабыркатып, кесиптик дерматиттерди пайда кылат. Өнөр жай аллергендерине скипидар, минерал майлары, никель, хром, мышъяк, кара май, өңдөгүч заттар, лактар, формалин, мочевина, эпоксид чайырлары, аминобензолдор, хлорбензол ж. б. толуп жаткан заттар кирет. Косметикалык кабинеттерде, чач тарачтарда — парфюмерия заттары, каш, кирпик, чач боёктору; сүрөт лабор-яларында метол, гидрохинон, бромдун бирикмелери аллерген болушу мүмкүн. 7. Аллергендердин өзгөчө тобун физ. факторлор — суук, ысык, механикалык дүүлүктүрүү түзөт. Аллергендер организмге киргенде ага жооп иретинде А-лык реакция пайда болот. Мында аллерген 1-жолу организмге киргенде ага сезгичтик жогорулайт — сенсибилизация жүрөт. Организмдин белгилүү бир аллергенге жооп катары белок затын — антителону пайда кылуусунан анын сезгичтиги жогорулайт. Аллерген антитело пайда болгончо организмден чыгарылса оорунун белгиси байкалбайт. Аллерген ага сезгичтиги жогору болуп калган организмге кайталап киргенде А-лык реакция пайда болот. Анын натыйжасында бир катар биохим. процесстер жүрүп, гистамин, серотинин ж. б. заттар бөлүнөт. Ал заттар клетка, ткань, органдарды бузуп, А-лык ооруга алып келет. Мындай А-лык реакция кишиде көп учурайт. Аллергендер организмге биринчи киргенде эле А-лык реакция болушу мүмкүн. Мында сенсибилизация мезгили болбойт. Андай реакцияга идиосинкразия — айрым тамак-аштын жана дары-дармектин жакпастыгы кирет. А-лык реакция тез болуучу жана жай болуучу болуп бөлүнөт. Аллерген таасир эткенден 15—20 минутадан кийин теридеги, дем алуу, тамак сиңирүү ж. б. системаларындагы пайда болгон реакциялар тез болуучу А-лык реакцияга кирет. Алар — анафилакциялык шок (к. Анафилаксия), поллиноздор, бөрү жатыш, бронх астмасы, кан сары суу оорусу ж. б. Жай болуучу реакциялар бир нече суткадан кийин өнүгөт.
-9-
Аларга кишилердин бактерияларга (мис., туберкулёздо, бруцеллёздо) сезгичтигинин жогорулашы, хим. өнөр жайдагы иштегендердин, фармацевттердин, мед. кызматкерлердин дерматиттери кирет. Организмге аллерген кирген бардык учурда эле А. боло бербейт. Анын өнүгүшүнө тукум куугучтук, нерв жана эндокрин системасынын абалы белгилүү роль ойнойт. Ата-эненин экөө тең поллиноз, анафилаксиялык шок, тукум куума бронх астмасы, аллергиялык мурун бүтүү сыяктуу оору менен ооруган үй-бүлөдөгү балдардын 70%и, ал эми бири гана ооруган үй-бүлөдөгү балдардын 56%и А. менен ооруйт. Мында эне-атасы ооруган оорунун өзү берилбей, экзогендик аллергендерге жооп берүүсү жогору болуп, А-га жакын болушат. Аларда А-нын өөрчүшүнө нерв жана эндокрин системасынын функциясынын бузулуусу, мээ травмасы, терс эмоциялар, бөйрөк үстүндөгү бездин начар иштеши түрткү болот. Организмдин өз тканынын белогу менен клеткаларына (эндоаллерген) өзгөчө реакция жасоосу аутоаллергия деп аталат. Аутоаллергия ж-дөгү окуунун пайда болушу көрүнүктүү орус микробиологу жана иммунологу И. И. Мечниковдун ысмы менен байланыштуу. Эндоаллергендер табигый жана кийин пайда болгон болуп айырмаланат. Кадимки ткандардын белогу табигый эндоаллергендер болушат. Ал эми кийин пайда болгон аутоаллергендерге күйүк, нур оорусу ж. б. процесстерде бөлөкчө касиетке ээ болгон, ошондой эле организмге түшкөн бактерия уулары, дары ж. б. менен кошулган белоктор кирет. А-га диагноз коюуда оорулууну жакшылап сурап аллергендердин кайсы тобу ооруну пайда кылганын билүү өтө маанилүү. Дарылоону врач жүргүзөт. Ал оорулууга аллергендердин келип түшүүсүн токтотууга жана аллергенге сезгичтигин төмөндөтүүгө багытталган. Аллергенге сезгичтикти төмөндөтүү гипосенсибилизация (десенсибилизация) деп аталат. Гипосенсибилизация оорунун белгилери жок мезгилде жүргүзүлөт. Оору кармап жатканда аллергиялык процесстерди басаңдатуучу, ошондой эле айрым оорулардын белгилерин жок кылуучу дарылоо жүргүзүлөт. Мис., кан басымы төмөндөп кетсе аны нормага келтирүүчү, бронх астмасында бронхторду кеңейтүүчү ж. б. дарылар берилет. Ири шаарларда аллергологиялык кабинеттер, көпчүлүк ооруканаларда бөлүмдөр ачылган. Аллергологиялык кабинеттер Аллергия ооруларын аныктап, аларды дарылоо иштерин жүргүзөт.
-10-
Аллергиянын алдын алууда организмдин сезгичтигин жогорулатуучу заттардын организмге кайталап түшүүсүнөн сактануу — түрдүү дарыларды зарыл учурда гана врачтын көрсөтмөсү боюнча кабыл алуу, өнөр жай ишканаларында алдыңкы технологияны колдонуу, тиричиликте үйдү чаң чогултпай таза кармоо керек. Ошондой эле организмдеги бардык инфекциянын очогун (ооруган тиш, мурундун кошумча коңулдарынын сезгениши, холецистит ж. б.) жоготуу зарыл. Ичеги-карындын иштешин жакшыртуу тамак-аш А-сын азайтат. Балдарда А-ны алдын алууда эмчек эмизүү негизги шарт болуп эсептелет. Тежемел багылган балдарда А. оорулары көп жолугары белгилүү. Эмгектенүү жана эс алууну туура айкалыштыруу да чоң мааниге ээ.
Бөрү жатыш – тери жана былжыр челдин күдүрөйүп кычышма аллергия оорусу. Дененин аллергия реакциясынан, айрым тамак-аш (жумуртка, бүлдүркөн, кожогат, шоколад, бал, балык), дары (антибиотиктер, сульфаниламиддер) жакпаганда жана сууктан да болот. Өнөкөт бөрү жатыш ички органдардын (боор, карын, ичеги, бөйрөк) ооруларына, зат алмашуунун бузулушуна, ичте мите курттардын болушуна же солгун өтүп жаткан өнөкөт сезгенүү ооруларына (тонзиллит, гайморит, отит жана башка) да байланыштуу. Ал капысынан башталат. Кол, бут, бетке ар түрдүү көлөмдө ачык мала кызыл, кээде ак түстө ортосу томпогой бүдүрлөр чыгат. Аябай кычышып, дүүлүктүрөт. Көп учурда бүдүрлөр бир нече сааттан кийин эле эч так калтырбай жок болуп кетет. Оорулуунун эти ысыйт, алы кетет. Кээде бөрү жатыш катуу кармап, жумшак таңдайдын, кулкундун, бронхтордун, ички органдардын былжыр чели шишип кетип, аба жетпей муунтат. Мындай учурда токтоосуз врач чакыруу керек. Бөрү жатышты врачтын көрсөтмөсү боюнча дарылайт. Мүнөздөп тамак ичип, аллергия пайда кылуучу тамак-аш, сүрсүгөн, туздалган тамакты жегенге болбойт. Катуу кармаган бөрү жатышта денеден аллергенди (тамак же дарыны) тез чыгаруу, суюктукту көп берүү керек.

-11-
Корутунду
Аткарган иштин негизинде төмөнкү жыйынтыктарды чыгарса болот:
Адамдын ден соолугу, анын жашоосу үчүн түздөн-түз тиешеси бар. Ден-соолуктун негизги бөлүгүн түзгөн теринин бир топ түрү бар. Жалпысынан тери- бул медицинада улам жаңы изилдөөнү, илимий тактоону талап кылган физиологиялык түзүлүш болуп саналат.
Тери оорулары-деген аталыш медицинада жалпы түшүнүк катары айтылып келет. Чындыгында тери ооруларынын түрү абдан көп.
Тери оорулары өзүнүн көп түрдүүлүгү менен айырмаланып, ал тышкы жана ички факторлордун таасири астында пайда болот.
Котур оорусу тери ооруларынын ичинен эң кеңири тараган оору.
Тери ооруларынын ичинен адамдар көп байкай бербеген бул денедеги-сөөлдөр. Көпчүлүк адамдар сөөлдөрдү дененин бир мүчөсү катары дагы кабылдап калган учурлар кездешет.
Учук же учук-1 тери ооруларынын ичинен толук түрдө айыкпаган түрү болуп саналат. Бул ооруну учук вирусу козгойт.
Тери ооруларынын ичинен эң коркунучтуусу грибок оорусу. Бул оорудан көпчүлүк учурда адамдын тырмагы, чачы жана териси жабыркайт.
Тери ооруларынын аутоиммундук тобуна кирген оорулардын бири -экзема.
Аллергия оорулары байыркы замандан белгилүү болгон. Байыркы грек врачы Гиппократ айрым тамак-аш жакпай ич өтүп, бөрү жатыш болорун, байыркы рим врачы Гален роза гүлүнүн жытынан мурундун бүтүшүн белгилеген.
Бөрү жатыш – тери жана былжыр челдин күдүрөйүп кычышма аллергия оорусу. Дененин аллергия реакциясынан, айрым тамак-аш , дары жакпаганда жана сууктан да болот.
Окумуштуулардын изилдөөлөрү боюнча тери оорулары азыркы учурда аябай кенири таралып жатат.
Окумуштуулар тери ооруларынын көпчүлүгүнө даары табыла электигин айтышты.
Биздин оюбуз тери ооруларынан өзүбүздү абайлап, ден-соолугубузга карап, гигиенаны сактап жүрүшүбүз керек.
-12-
Колдонулган адабияттар
Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы.
«Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991
http://ky.wikipedia.org HYPERLINK "http://www.kabarordo.kg" http://www.kabarordo.kg
-13-

Приложенные файлы

  • docx 15911504
    Размер файла: 39 kB Загрузок: 0

Добавить комментарий